Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы 16-январда Кыргызстандын тоолуу жолдорундагы ашууларда жол ачыктыгын, каттам бар экенин кабарлады.
Министрликке караган “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканалары тоолуу жолдордо тазалоо, тайгак тилкелерге кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатат.
Айдоочуларга кандай кырдаал жаралбасын, каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо жана керектүү шаймандарды ала жүрүү эскертилүүдө.
Кыргызгидрометео ишканасы 16-январда өлкө аймагында жаан-чачын катуу жаашы күтүлүп жатканын, 17-19-январь күндөрү абанын температурасы кескин өзгөрөрүн кабарлаган. Тоолуу жолдорго күрткү чогулушу жана кар көчкү түшүү коркунучу бардыгы эскертилген.(ZKo)
Шерине