Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

Германия орусиялык "көмүскө флоттун" танкерин Балтика деңизине өткөрбөй койду


Tavian танкери.
Tavian танкери.

Германия Камерун желеги илинген Tavian танкерин Балтика деңизине өткөрбөй койду. Танкер Орусиянын "көмүскө флотуна" байланышы бардыгын Süddeutsche Zeitung, NDR жана WDR агенттиктери жазышты.

Tavian танкери бир нече жолу аталышын жана идентификациялык маалыматтарын алмаштыргандыктан "танкер-зомби" деген атка конгон.

Немис чек арачылары кемеде жалган желек менен жасалма номер илинген деп шек санашкан. Кийинчерээк Tavian танкери АКШ жана United Against Nuclear Iran уюму санкция тизмесине киргизген Tia кемеси экени аныкталган. Кеме 27 жылдан бери мунай ташып келе жаткан эң эски танкерлердин бири.

Tavian 2025-жылы декабрда Балтика деңизинен Түркияга чыккан. 11-январда деңизге кайтып келген. Немис чек арачылары аны өз жээгине өткөрбөй койгон соң Норвегия деңизине багыт алган. Ал жактан алыс эмес жерде Орусиянын Мурманск шаары - дагы бир мунай порту жайгашкан.

2025-жылы Евробиримдик Орусияга каршы 19-санкциялар түрмөгүн кабыл алган. Анда 2027-жылга чейин Орусиянын газынан баш тартып, "Роснефть" жана "Газпромнефть" компаниялары менен кызматташууга толук тыюу салынган. Санкцияга орусиялык "көмүскө флоттун" 117 танкери менен кошо 588 кемеси да кирген.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG