Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:04

Украин парламенти Михаил Федоровду коргоо министри кылып бекитти


Михаил Федоров
Михаил Федоров

Украин парламенти – Верховна рада Михаил Федоровду коргоо министри кылып бекитти. Анын талапкерлигин 277 депутат колдоду. Алдыңкы күнү ал жетиштүү добуш топтой алган эмес.

Парламентте сүйлөгөндө Федоров «2022-жылдан бери анын Санарип министрлигиндеги командасы согушка көп иштегенин» белгиледи. Анын айтымында, жакын арада коргонуу тармагында аудит жүргүзүп, аскер кызматкерлерине көбүрөөк акча төлөө жана социалдык камсыздандыруу үчүн кошумча каражат табууга аракет көрмөкчү.

Буга чейин ал 2019-жылдан бери вице-премьер жана санарип министр кызматын аркалап келген. 2023-жылдан тарта инновациялар, билим берүүнү, илимди жана технологияларды өнүктүрүү вазийпасы да жүктөлгөн.

Мурдагы коргоо министри Денис Шмыгал ал кызматка былтыр июлда дайындалган, ага чейин беш жылдан көп украин өкмөтүн башкарган. Ага президент Владимир Зеленский Энергетика министрлигин жетектөөгө жана вице-премьер-министр кызматын аркалоого сунуш кылды.

«Орусиянын ар бир соккусунан кийин энергетиканын стабилдүү жана кардарлар үчүн жетиштүү болушу үчүн кайра куруу иштерин тез жүргүзүү маанилүү», - деп билдирди Зеленский.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG