Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:12

№13 округдан кайра шайлоого катышуу үчүн үч жаран арыз берди


Шайлоодогу добуш берүү. Иллюстрациялык сүрөт.
Шайлоодогу добуш берүү. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) Жалал-Абад облусундагы №13 аймактык шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого катышуу максатында үч адам арыз берди. Алар: 61 жаштагы Акылбек Арстанбеков, 54 жаштагы Эркинбек Маматаев жана 56 жаштагы Уланбек Асанов.

Боршайкомдун маалыматына караганда, шайлоого катышуучулардан арыз алуу 28-январь күнү, саат 18:00дө токтойт.

Аталган округдан депутаттарды кайра шайлоо 1-мартта өтөт. Үгүт иштери 9-февралда башталып, 28-февралда аяктайт.

Кайра шайлоо өткөрүүгө 18,5 миллион сом кетет. Каражат республикалык бюджеттен алынат.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурдагы шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн. Сөз болуп жаткан округдагы мыйзам бузууларга байланыштуу БШК андагы добуш берүүнүн жыйынтыгын 3-декабрда жокко чыккан. Бул аймактагы 35 добушканада шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөө максатында камералар орнотулганы, үгүтчүлөр ким кандай добуш бергенин байкап турганы ачыкка чыккан. (ZKo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG