Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:02

Козукеев кытайлык айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакырды


Оор жүк ташыган машине айдаган Кытай жарандары.
Оор жүк ташыган машине айдаган Кытай жарандары.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азенбек Козукеев оор жүк ташыган автоунаа айдаган кытайлык айдоочуларды Кыргызстандын аймагына киргенде жол эрежелерин сактап, каршы тилкеге чыкпоого чакырды.

Бул тууралуу ал кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” көзөмөл өткөрүү бекетине барган учурда айтты. Кытайлык айдоочуларга жол эрежеси боюнча кытай тилинде даярдалган түшүндүрмө баракчалар таратылып, бажы көзөмөл пунктуна илинди.

Акыркы кездерде Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунда Кытай жарандары аралашкан жол кырсыктары көбөйгөн. Буга негизги себеп айдоочулар машинени катуу айдап, каршы тилкеге чыкканы айтылып келет.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Ош облусундагы Алай жана Чоң-Алай райондорундагы ашууларда жүк ташыган, жайкы дөңгөлөктөрүн алмаштырбаган кытайлык айдоочулардын айынан тыгын жаралып жатканын айткан. (BTo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG