Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Киевдин союздаштары Украинанын коопсуздук кепилдиктерин талкуулашты


Владимир Зеленский, Эммануэл Макрон жана Кир Стармер. Париж, 2026-жылдын 6-январы.
Владимир Зеленский, Эммануэл Макрон жана Кир Стармер. Париж, 2026-жылдын 6-январы.

Франциянын борбор калаасы Парижде 6-январда Украинанын, ага жардам берип жаткан союздаш өлкөлөрдүн лидерлеринин АКШнын өкүлдөрү менен жолугушуусу өттү. Жыйынтыгында француз президенти Эммануэл Макрон Украинанын коопсуздугуна кепилдиктер жөнүндөгү декларация макулдашылганын билдирди.

"Бүгүн биз олуттуу прогресске жетише алдык, анын баары бекем тынчтыктын ишенимдүү кепилдиктерин берүүчү Париж декларациясында жазылды. Бул билдирүүдө каалоочулар коалициясына (Украинага ыктыярдуу түрдө жардам берип келаткан өлкөлөр - ред.) мүчө 35 өлкөнүн, Украинанын жана АКШнын ортосунда жакындоо бар экени биринчи жолу тастыкталууда. Сөз ишенимдүү коопсуздук кепилдиктери жөнүндө болуп жатат", - деди Макрон.

Анын айтымында, декларацияда атышуунун токтотулушуна АКШнын жана бир нече башка өлкөнүн катышуусунда мониторинг жүргүзүү механизмин түзүү, жаңы агрессия башталып кала турган болсо украин аскерлеринин андайга каршы тура алышын камсыздоо, атышуу токтогондон кийин абада, деңизде жана жерде башка да өлкөлөрдүн катышуусу менен күчтөрдү түзүү, эгер Орусия Украинага кайрадан кол салса союздаштардын Киевге колдоо көрсөтүүсүнүн юридикалык милдеттенмелерин аныктоо макулдашылды.

Мындан тышкары, Франциянын, Украинанын президенттери Эммануэл Макрон, Владимир Зеленский жана Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер согуш аяктагандан кийин украин жергесинде аталган эки өлкөнүн жана башка да европалык союздаштардын аскерлерин жайгаштыруу ниети тууралуу декларацияга кол коюшту. Декларацияда ал аскерлер Украинанын коопсуздугун, тынч жана туруктуу жашоого кайтуусун камсыз кыла турганы белгиленди. (RK)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG