Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

Дайынсыз экени айтылып жаткан 25 жаштагы Акишова Нарындан табылды


Нарын шаары.
Нарын шаары.

Бишкек шаарында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы айтылган 25 жаштагы Аймээрим Акишова Нарын шаарында табылды. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-январда кыздын жакындары райондук милицияга кайрылып, Аймээрим Акишова таанышына жолугуу үчүн кетип, ошондон бери дайынсыз болуп жатканын кабарлаган.

Бул факты каттоого алынып, кыздын тааныштары суракка алынган. Андан тышкары автобекеттердеги видео камералар каралып, машинелер токтотулуп текшерилген.

Бул убакыт аралыгында Аймээрим Акишова менен жигити экени айтылып жаткан Бакыт Асакеев социалдык тармактардагы баракчаларына ар кандай видеолорду жарыялап турушкан.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгы текшерүүнүн жыйынтыгы менен эки адамдын аракетине юридикалык баа берилерин билдирди. Милиция мындай аракеттер укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин убактысын алып, башка кылмыш иштеринин бетин ачуу, коомдук коопсуздукту сактоо иштерине кедергисин тийгизе турганын эскертти. (BTo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG