Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 1-январда Ысык-Ата районунда 15 жаштагы баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалганын билдирди. Бул тууралуу 1-январга караган түнү Ысык-Ата райондук милициясына маалымат түшүп, Бишкек-Торугарт унаа жолунда велосипед менен бараткан баланы жүк ташуучу унаа сүзүп кетип, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткендиги айтылган.
Териштирүү учурунда кырсыкка кабылган 15 жаштагы бала ошол жерде каза болгону, ал Дмитриевка айылынан Кантка жол бою менен велосипедчен баратканда, кызыл түстөгү SHACMAN үлгүсүндөгү унаа жолдун үчүнчү тилкесине чыгып, сүзүп кеткени аныкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Жүк ташуучу унаанын 30 жаштагы айдоочусу, Красная-Речка айылынын тургуну Р.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери улантылууда.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, 2025-жылдын он айында Кыргызстанда 7443 жол кырсыгы катталып, 750 киши каза болду. Бул 2024-жылдын ушул убактысына салыштырганда 30% көп. Жалпысынан жолдогу кырсыктардан 10 миң 767 адам ар түрдүү жаракат алган.
Шерине