Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:47

Жаңы жыл түнү Орусия менен Украина бири-бирин аба соккулар үчүн айыпташты


Орус армиясынын Украинанын Волынь шаарына жасаган соккусунун кесепети. 1-январь, 2026-жыл.
Орус армиясынын Украинанын Волынь шаарына жасаган соккусунун кесепети. 1-январь, 2026-жыл.

Орусия Украинанын Куралдуу күчтөрүн Кара деңиз жээгиндеги мейманканага жасалган сокку үчүн айыптады.

Херсон облусунун орус армиясы көзөмөлдөгөн бөлүгүн башкарган Владимир Сальдо Украинанын Куралдуу күчтөрү Хорлы кыштагындагы кафе жана мейманканага үч дрон менен сокку урганын билдирди. Сальдонун айтымында, соккудан 24 адам, анын ичинде бир бала каза болуп, дагы 29 киши жаракат алган.

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Алексей Кузнецов Хорлыдагы өрттөн кийин 13 адам ооруканага жаткырылганын, алардын алтоо, анын ичинде эки бала оор абалда экенин билдирди.

Сальдо өрт дрондордон эмес, техникалык мүчүлүштүктөн улам чыгышы мүмкүн экенин жокко чыгарган жок. Анын айтымында, дрондордун бири күйүүчү зат аралашмасы менен болгон, өрт өтө күчтүү болуп, көп адамдарды сактап калууга мүмкүн болбой калган. Өрт таң атканда гана өчүрүлгөн. Ал аймакта 2–3-январь аза күтүү күндөрү деп жарыяланды. 1-январь күнү Орусиянын Тергөө комитети теракт беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Украин тарап Хорлыдагы сокку тууралуу комментарий берген жок.

Ошол эле учурда Украина бийлиги орус армиясы Запорожье, Одесса, Харьков жана Волынь облустарына сокку урганын билдирди. Жалпысынан Жаңы жыл түнү орус армиясы Украинага 205 дрон (Шахед, Гербера, жана башкалар) учурганы кабарланды. Орусиянын Коргоо министрлиги болсо соккулар Украинанын аскердик-өнөр жай комплекси колдонгон энергетикалык объектилерге, ок-дары сактоочу жайларга, дрон чогултуу цехтерине жана Украина армиясынын турумдарын жасалганын билдирди. Харьков облусундагы авиа соккудан жергиликтүү экопарк катуу жабыркады.

Волынь облусунда ондогон дрондор инфраструктура объектилерине багытталган. Луцк шаарында жана Ковель районунда өрт чыккан.

Запорожьеде 31-декабрдын кечинде дрон чабуулунан беш адам, анын ичинде бир өспүрүм жаракат алган. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы көп кабаттуу үй жана унаалар зыян келтирилгенин билдирди.

Одесса облусунда, анын ичинде Одесса шаарында, дрондордун түшүшү жана калдыктары катталып, инфраструктура объектилеринде өрт чыккан.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG