Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:47

Иранда нааразылык акцияларында бир нече адам каза болгону кабарланды


Ирандын батышындагы Лордеган шаарында митингге чыккандар менен коопсуздук күчтөрү кагылыша кетишти.
Ирандын батышындагы Лордеган шаарында митингге чыккандар менен коопсуздук күчтөрү кагылыша кетишти.

Иранда инфляциянын кескин жогорулашына жана экономикалык каатчылыкка каршы нааразылык акцияларында бир нече адам каза болду. Бул тууралуу 1-январда ирандык маалымат каражаттары жана укук коргоо уюмдары билдиришти. Акыркы үч жылдагы эң ири нааразылык толкуну айрым аймактарда зордук-зомбулук менен коштолууда.

"Фарс" агенттиги жана Hengaw укук коргоо уюму Ирандын батышындагы Лордеган шаарында набыт болгондор бар экенин маалымдашты. Бийлик өкүлдөрү батыштагы Кухдешт шаарында бир адамдын өлгөнүн ырасташты. Ал эми Hengaw борбордук Исфахан провинциясында дагы бир адам каза болгонун билдирди. Алардын баары коопсуздук күчтөрү менен кагылышууда мерт кеткен.

Алгач улуттук акча реалдын наркынын түшүшүнө жана баалардын тез өсүшүнө дүкөн ээлери нааразылык билдирип чыгышкан. Кийин толкундоолорго башкалар да кошулуп, өлкө аймагына тез жайыла баштады.

Нааразылык акциялары Ирандын диний жетекчилиги үчүн кырдаалды ого бетер оорлотту. Батыштын санкциялары экономикага катуу сокку уруп, инфляция 40% ашты.

Бийлик бир жагынан коопсуздук чараларын күчөтүп жатса, экинчи жагынан диалог сунуштоодо.

Акыркы жылдары Иранда кымбатчылык, кургакчылык, аялдардын укуктары жана саясий эркиндиктерге байланыштуу нааразылык акциялары көп жолу катталып, алар адатта катуу күч колдонуу жана жапырт камоолор менен басылган.

2025-жылы иран риалынын долларга карата курсу кескин түшүп, декабрь айында инфляция 42,5 пайызга жеткен.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG