Казакстан парламентинин жогорку палатасы- Мажилистин депутаты Ермурат Бапи мамлекеттик сырды билген мурдагы жогорку кызматтагы аткаминерлердин чет өлкөгө чыгышын мыйзам аркылуу чектөөнү сунуштады. Бул тууралуу Orda.kz агенттиги жазды.
Депутат мындай адамдардын катарына Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевди да кошту. Анын айтымында, экс-президенттерге, министрлерге жана башка мурдагы жетекчи кызматтарда иштегендер мамлекеттик сырларды билгендиктен, алардын чет өлкөгө чыгуусуна укуктук тоскоолдук коюлушу зарыл.
Бул демилгенин чыгышына Назарбаевдин жакында Владимир Путин менен Кремлде жолугушуусу себеп болгон.
Депутаттын пикиринде, мындай сапарлар улуттук коопсуздукка коркунуч жаратышы мүмкүн жана мамлекеттик органдарга же коомчулукка басым катары кабыл алынышы ыктымал.
"Өз өлкөсүнөн, өз элинен таяныч таба албаган адамга боорум ооруйт. Эми ал колдоону өлкө тышынан издөөгө аргасыз. Бул экс-президент үчүн трагедия", — деди ал.
Бапи эл аралык тажрыйбаны, анын ичинде Кытайдагы чектөөлөрдү мисал келтирип, мамлекеттик сырды билген адамдар үчүн алдын ала "чек аралык көзөмөл" же "кызыл желек" механизмин киргизүүнү сунуштады.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Назарбаев 27-декабрда жолуккан. Алар эмнени талкуулаганы кабарланган жок. Белгилей кетсек, бул Назарбаев менен Путиндин 2025-жылдагы экинчи жолугушуусу болду. Буга чейинкиси май айында өткөн.
Шерине