Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жер алдындагы өтмөктөрдү куруу иштери башталды


Бишкек мэри Айбек Жунушалиев мэриянын кызматкерлери менен Чыңгыз Айтматов проспектисинде. 1-январь, 2026-жыл.
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев мэриянын кызматкерлери менен Чыңгыз Айтматов проспектисинде. 1-январь, 2026-жыл.

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жер алдындагы жөө адамдар өтмөктөрүн жана аялдамаларды куруу иштери 1-январда расмий башталды. Иш-чарага калаа мэри Айбек Жунушалиев катышты. Бул тууралуу маалымат мэриянын сайтына жарыяланды.

Долбоордун алкагында Семетей көчөсүнөн Абсамат Масалиев проспектисине чейинки аралыкта төрт жер алдындагы жөө өтмөк куруу пландалууда.

Мындан тышкары, Ахунбаев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки тилкеде заманбап талаптарга жооп берген 16 жаңы автобус токтоочу комплекс орнотулары кабарланды.

Курулуш иштеринин башталышына байланыштуу Абсамат Масалиев проспектисинен Семетей көчөсүнө чейинки Чыңгыз Айтматов проспектисинин бөлүгү автотранспорт үчүн убактылуу жабылды.

Былтыр жайында ири масштабдагы оңдоп-түздөө иштеринен кийин Чыңгыз Айтматов проспекти автоунаа кыймылы үчүн кайрадан ачылган.

Проспект алты тилкеге чейин кеңейтилгени менен ал жакта жол чырактардын, өтмөктөрдүн жоктугуна көптөр нааразы болушкан.

Жергиликтүү тургундар күн сайын жолду өз өмүрүн тобокелге салып, чуркап өтүүгө аргасыз болуп жатканын айтышкан эле. Алтургай бир нече жолу жол кырсыктары да катталган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG