Быйыл ажылык сапарга аттана тургандар милдеттүү түрдө менингококк инфекциясына жана сезондук сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүүгө тийиш.
Саламаттыкты сактоо министрлиги бул чара санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында көрүлүп жатканын билдирди.
Атайын буйрукка ылайык, эмдөө 30-декабрга чейин медициналык мекемелерде жүргүзүлөт. Зыяратчылар мындан тышкары алдын ала медициналык кароодон өтөт.
Сауд Арабиясынын Саламаттык сактоо министрлиги ажылык сапарга бара тургандарга койгон талаптарга ылайык, гемодиализ алып жаткандар, кычкылтек бет кабын колдонууну талап кылган өнөкөт өпкө оорусу, боор циррозу, химиотерапия алып жаткан рак оорусу барларга ажылыкка барууга уруксат берилбейт. Бул тизмеге кургак учук сыяктуу жугуштуу ооруларга кабылгандар, өз алдынча кыймылдай албагандар да кошулган.
Сауд Арабиясынын Ажылык жана умра министрлиги 2026-жылдагы ажылык үчүн Кыргызстанга былтыркыдай эле 6 миң квота бөлгөн. 2026-жылы ажылыкка барууну каалаган адамдардын документтерин кабыл алуу 23-сентябрда башталып, ушул эле күнү квота толгону маалым болгон. (ST)
Шерине