Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында төлөнбөгөн айып пулдар 250 миң сомдон ашты


"Коопсуз шаар" системасынын Бишкектеги камерасы. Иллюстрациялык сүрөт.
"Коопсуз шаар" системасынын Бишкектеги камерасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери салган жана "Коопсуз шаар" системасынын камералары тартып калган жол эрежелерин бузуу боюнча төлөнбөгөн айып пулдар 250 миң сомдон ашты. Бул тууралуу Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы кабарлады.

Мекеме административдик айып пулдарды өндүрүү боюнча иштер республиканын бардык аймагында активдүү жүрүп жатканын билдирет. Жол тескөөчүлөр менне биргеликте түзүлгөн мобилдик топтор карыздарды өндүрүү, мамлекеттин кирешесине конфискацияланган автотранспорт каражаттарын аныктоо жана кайрылуу боюнча чараларды көрүшүүдө.

Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы иштей баштап, Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек - Торугарт, Бишкек - Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган. Долбоорду орусиялык “Вега” концерни ишке ашырган.

“Коопсуз шаар-2” долбоорун уткан Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd аттуу кытайлык компания жети облус, эки чоң шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек болчу. Бул долбоор пландалган мөөнөтүндө ишке ашпай калгандыктан Санарип өнүктүрүү министрлиги Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясын 2022-жылы сотко берген.

2025-жылы жалпы өлкө боюнча байкоо салган “Коопсуз өлкө” долбоору старт алган. 1-октябрдан тартып бул долбоордун алкагында жолго орнотулган комплекстер коопсуздук курун тагынбаган айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү аныктай баштаган.

Жыл башында Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында өлкөдө 12 миң камера коюлганын, эми “Коопсуз өлкө” долбоору ишке ашса шаар, айылдарда 25 миңдей камера иштеп, министрликтин борбордук тутумуна кошуларын айткан. (ErN)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG