Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Болгарияда нааразылык акцияларынан кийин премьер-министр кызматтан кетти


Болгарияда өкмөткө каршы өткөн нааразылык акциясы.
Болгарияда өкмөткө каршы өткөн нааразылык акциясы.

Болгариянын премьер-министри Росен Желязков жана өкмөт мүчөлөрү ири нааразылык акцияларынын натыйжасында 11-декабрда кызматтан кетишти. Толкундоолордун тутанышына салыктарды жана социалдык төлөмдөрдү көтөрүү чечими себеп болду. Желязков өз чечимин телеберүү аркылуу жарыялады.

Ал 2024-жылы октябрь айында өткөн шайлоодон соң узак жана оор сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында түзүлгөн коалициялык өкмөттү жетектеген. Ал шайлоо парламенттеги терең бөлүнүүнү чечмек тургай, саясий кырдаалды татаалдаштырды. Митингдерде кийин экономикалык маселелер, коррупция көйгөйү көбүрөөк айтыла баштады.

Transparency International уюмунун индекси боюнча, 1-январда еврону киргизүүгө даярданып жаткан Болгария Евробиримдиктеги жемкорлукка белчесинен баткан өлкөлөрдүн бири. Ал тизмеде Венгриядан кийин экинчи орунда турат. Евробиримдиктин статистикасына ылайык, Болгария — биримдиктеги эң жарды мамлекет.

Өлкөдө көп жылдан бери саясий туруксуздук орун алып келатат. 2021-жылдан бери болгарлар жетинчи жолу парламенттик шайлоо өткөрдү. Өкмөттөр туруктуу эмес коалициялардан улам алмашып турат.



Шерине

 

XS
SM
MD
LG