Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:46

Италиянын ашканасы ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди


ЮНЕСКО италиялыктардын ашканасын маданий мурастар тизмесине киргизди. Мурда адамзаттын материалдык эмес мурасы деп италиялык тамак-аштын айрым түрлөрү таанылган. Биринчи жолу мындай наам бүтүндөй улуттук ашканага ыйгарылды.

Чечим шаршембиде Материалдык эмес маданий мурасты коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин Делидеги жыйынында бир добуштан кабыл алынды.

Ага ылайык, италиялыктардын ашканасы "кулинардык салттардын маданий жана социалдык айкалышуусу", "маданий тамырларды ачуу жана аларга болгон сүйүүнү билдирүү, өз тарыхы менен бөлүшүү жана айланадагы дүйнөнү сүрөттөө ыкмасы болуп саналат".

2023-жылы Италиянын Айыл чарба жана Маданият министрликтери салттуу кесме (паста), пицца жана ризоттодон баштап, канноли өңдүү түрдүү таттууларды үй-бүлөлөрдү, жамааттарды бириктирген символ катары сөз болгон тизмеге киргизүү арызын тапшырган.

Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони ЮНЕСКОнун чечимин кубаттады жана бул кадам өлкөнүн өзгөчөлүгүн жана глобалдык таасирин таануу болуп эсептелерин билдирди. Анын айтымында, “италиялыктар үчүн жергиликтүү ашкана жөн гана тамак-аш же рецепттердин топтому эмес, маданият, салт, эмгек жана байлык”.

Буга чейин неаполитандык пицца даярдоо чеберчилиги ("пиццайоло") уюмдун материалдык эмес мурастар тизмесине камтылган.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG