Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:46

Тайланд менен Камбожанын жаңжалынан улам жарым миллион киши жер которду


Жер которууга аргасыз болгон үй-бүлөө. Камбожа, 10-декабрь 2025-жыл
Жер которууга аргасыз болгон үй-бүлөө. Камбожа, 10-декабрь 2025-жыл

Шаршембиде Тайланд менен Камбожа жайкын кишилерди артиллерия жана ракеталардан аткылады деп бири-бирин кайрадан айыпташты.

Рейтер агенттигинин маалыматына караганда, 817 километрик чек аранын кеминде 10 жеринде кагылышуулар болду.

Июлда эки кошуна өлкө ортосундагы кармашты токтотууга салым кошкон АКШнын президенти Дональд Трамп тараптарды жаңжалды жөнгө салууга чакырды жана кайрадан жараштыруу багытында чара көрүүгө аракеттенерин айтты.

AFP агенттигинин маалыматына ылайык, чек ара жаңжалы күчөгөнү жарым миллиондой киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.

Тайланддын Коргоо министрлиги 400 миң кишини башпаанек менен камсыздаганын шаршембиде билдирди. Камбожа 100 миң тургунду эвакуацияланганын кабарлады.

Карапайым кишилер диний храмдарда, мектеп, башка коопсуз жайларга жайгаштырылды.

Шаршемби күнкү расмий маалыматка караганда, 7-декабрда тутанган кагылышууларда бери дегенде 11 киши, катарында тайланддык аскерлер жана камбожалык карапайым жашоочулар каза тапты.

Быйыл июлда эки тарап кагылыша кеткенде Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим ортомчулук кылып, октябрда эки өлкө Трамп катышкан жыйында тынчтык келишимине кол койгон. Камбожа АКШнын президентин ал тургай Нобель сыйлыгына да көрсөткөн.

Эки жумадан кийин Тайланд чек арадагы мина жарылуусунан эки аскери жараат алган соң келишимди аткарууну токтоторун билдирген.

Эки өлкө ортосундагы чек ара талашы 20-кылымдын башында, Камбожа Франциянын башкаруусунда турган кезде чек ара чийилгенден бери уланып келет.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG