Казакстан биринчи жолу 50 тонна кара майды Кашаган мунай кенинен түз эле Кытайга жөнөтөт. Мунун алдында украиналык дрондордун соккусунан Каспий куур консорциумунун (КТК) инфраструктурасы жабыркаган. Сөз болгон куур аркылуу Казакстандын мунай экспортунун негизги бөлүгү сыртка ташылат.
Февралдан ноябрга чейин куур кеминде үч чабуулга туш болду. Адегенде учкучсуз учактар Кропоткинодогу насос станциясына зыян келтирди. Кийин консорциумдун Новороссийскидеги кеңсесине сокку урулду. 29-ноябрда деңиз терминалындагы жабдуу иштен чыгып, мунайды танкерлерге жүктөө дээрлик токтоп калган.
1-декабрда КТК жабдуулардын бири калыбына келтирилгенин, бирок мунайды ташуу сезилерлик азайганын билдирди. Маалыматтарга караганда, инфраструктураны оңдоо бир нече айга созулушу мүмкүн.
Казакстан жана Орусиядан тышкары КТКнын акционерлери арасында Батыштагы ири мунай компаниялардын филиалдары бар. Куурга дүйнөлүк мунай ташуунун 1% туура келет.
Рейтер кабар агенттигинин маалыматы боюнча, Кытайга кара май Атасу - Алашанькоу түтүгү менен жеткирилмекчи.
Казакстандын Энергетика министрлиги Кытайга экспортту комментарийлеген жок, ошол эле маалда соккулардан кийин алтернативалык маршруттарды колдонуу активдешкенин билдирди.
Шерине