10-декабрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында көп функционалдуу агроөнөр жай комплексинин курулушун баштоонун символу болгон капсула салуу аземи болуп өттү. Иш-чарага суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышып, долбоордун азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлагандай, этти сактоочу комплексти курууга 12 миллион долларлык инвестиция салынат.
Долбоор Кыргызстандын “Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коому жана Түштүк Кореянын “DOD Company” компаниясы менен түзүлгөн Инвестициялык келишимдин негизинде ишке ашууда.
Долбоордун алкагында дүйнөлүк базарда кеңири колдонулган -35°С заматта тоңдуруу (шоковая заморозка) технологиясы киргизилет. Бул ыкма эттин табигый түзүлүшүн жана сапатын толук сактоого, кошумча затсыз узак мөөнөткө сактоого, салмагын жана түсүн өзгөртпөөгө мүмкүнчүлүк берет. Мындай стандарттар Түштүк Корея, Жапония сыяктуу жогорку талаптагы базарларга толук шайкеш келет.
2024-жылы Кыргызстанда мөмө, жашылча жана жер жемиштерди заматта тоңдурчу завод ачылган эле. Аны “Кыргызцентрпродукт” компаниясы Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фондунун колдоосу менен курган.
Заматта тоңдуруу – муздак абаны үйлөө аркылуу азык-түлүктү −30…−35 °C температурада тоңдуруп, сактоо ыкмасы. Мында азыкты кадимки тоңдурууга караганда процесс 3-10 эсе тез аткарылат. Бул технология этти, балыкты, жашылчаларды, мөмө-жемиштерди, даяр тамактарды узак мөөнөткө сактоо үчүн тамак-аш өнөр жайында кеңири колдонулат. (ErN)
Шерине