Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо таза өтөрүн жана ага эл аралык коомчулук да ынана турарын билдирди. Бул тууралуу атайын кызматтын башчысы 30-ноябрда шайлоодо добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
“Кыргызстандагы шайлоо системасынын аналогу жок. Мындай система мурдагы Советтер союзуна кирген өлкөлөрдө, айрым Европа мамлекеттеринде жок. Шайлоочу каалаган шайлоо тилкесине барып добуш берсе болот. Шайлоочуларды ташуу, кошумча бюллетень чыгаруу деген жок. Бардыгы электрондук түрдө болот жана кагаз түрүндө да журналга түшүрүлүп турат”, – деди ал.
Ички иштер министрлиги социалдык тармактарга тараган шайлоого байланыштуу тизме боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Султан Макилов 30-ноябрда билдирди.
“Бул фейк маалымат. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Жарандарды туура эмес маалыматтарды таратпоого жана мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырабыз”, - деди Макилов.
Буга чейин социалдык тармактарга “Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы” делген тизме тарап, анда ар бир округ боюнча “жеңди” делген үч талапкердин ысымы жазылган.
30-ноябрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саат 12:00гө карата 518 миң 473 жаран добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева билдирди. Мындай көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 12,07% түзөт.
Саат 11:00гө карата маалыматта жалпы шайлоочулардын 7,65% пайызы (328 миң 461 жаран) добуш берүүгө катышкан.
Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси саат 8:00дө ачылып, добуш берүү башталган. Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке иштеп жатат. Чет өлкөлөрдө 100 тилке бар жана Бишкек убактысы боюнча саат 8:00гө чейин 620 шайлоочу добуш берди.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Бишкек убактысы менен саат 10.00го карата мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоодо 10дон ашык мамлекетте 1559 адам добуш бергенин билдирди. Учурда шайлоо участкаларынын теңине жакыны ачылганын кабарлады.
"Бишкек убактысы менен саат 10:00гө карата Орусия, Жапония, Корея, Кытай, Малайзия, Монголия, Казакстан, Индия, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Пакистанда 40 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрүп жатат. Эскерте кетсек, чет өлкөлөрдө 34 мамлекеттин 89 шаарында жалпы 100 шайлоо тилкеси ачылган. Убакыттагы айырмадан улам, айрым чет өлкөлөрдөгү мекемелерде өнөктүк кечирээк башталат. Акыркы болуп шайлоо процессин АКШнын Сан-Франциско шаарындагы шайлоо тилкеси жыйынтыктайт (Бишкек убактысы менен 1-декабрь, саат 10:00дө)",-деп жазылган маалыматта.
Шерине