Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Шайлоо: Эреже бузуулар жөнүндө 269 билдирүү түштү

  • Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өттү.
  • Өлкө боюнча 30 шайлоо округу түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).
  • 460 талапкердин 271и эркек, 189у аял.
  • Боршайком 37 кишини талапкер катары каттоодон баш тарткан.
  • Талапкерлердин 78и мурдагы депутаттар. 24-сентябрда 7-чакырылыштагы парламент өзүн-өзү тараткан.
  • Боршайком билдиргендей, 4 294 243 шайлоочу добуш берет. Анын 48,47% эркектер, 51,52% аялдар.
  • Шайлоого 800гө жакын эл аралык байкоочу көз салат.





17:00 28.11.2025
  • Кыргызстанда апрель айында "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо” мыйзамы Жогорку Кеңеште үч окууда тең колдоо тапкан. Конституциялык мыйзамга Садыр Жапаров кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби өзгөргөн. Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт). Кайсы бир себеп менен мандатын тапшырып кеткен депутаттардын ордуна кайра шайлоо болбойт. Шайлоодо алардан кийинки орундагы талапкер келет.
  • Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы (БШК) Тынчтыкбек Шайназаров “Азаттыкка” курган маегинде эгерде Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алса, Боршайком ушул жылы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө даяр экенин билдирген.
  • Мурдагы Жогорку Кеңештин депутаттары 25-сентябрда парламентти кезексиз таркатуу тууралуу демилгечи топтун сунушун бир добуштан колдогон. Ага 84 депутат добуш берип, эч ким "каршы" добуш берген эмес.
  • Октябрдын башында БШК мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоонун планын кабыл алган. Ага ылайык, бардык тийиштүү иш-чаралардын баарынын мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылды. Президент Садыр Жапаров атайын кайрылуу жасап, бийлик шайлоонун таза өтүшүнө шарт түзөрүн билдирип, мамлекеттик кызматкерлерге аралашпоону эскерткен.
  • Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого талапкерлерди каттоо 7-ноябрь күнү жыйынтыкталган. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК)30 шайлоо округунда жалпысынан 467 талапкер катталганын, алардын 276сы эркек, 191и аял экенин билдирген. 37 кишини талапкер катары каттоодон баш тартып, бул чечимин "криминалга тиешеси бар, акыркы беш жылда өлкө аймагында туруктуу жашаган эмес жана диний ишмердикти саясий максатта колдонгон" деген жүйөлөрдөн улам келгенин билдирген.
  • Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу үгүт өнөктүгү 10-ноябрда башталган. 29-ноябрга чейин өлкө боюнча отуз округда 467 талапкер үгүт жүргүзө турганы маалым болгон. Боршайком мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, саясий кызматта отургандар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, диний ишмерлер, кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдар, 18 жашка чыга электер, чет элдик жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар үгүт иштерин жүргүзө албай турганын билдирген.
  • Кыргызстанда маалымат тараткан чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары да үгүт өнөктүгүн жүргүзө албай турганын, БШК талапкерлердин жана саясий партиялардын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды камтыган теле жана радио программаларды көрсөтүүгө тыюу салынарын эскерткен. Талапкерлерге шайлоо фонддору аркылуу гана иштеши керектиги айтылган.
21:38 29.11.2025

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы ноябрдын башында Тынчтыкбек Шайназаров Жогорку Кеңештин шайлоосуна талапкер болуп катталгандарга кайрылып, шайлоочулардын добушун сатып алуу, мыйзамсыз үгүт жүргүзүү жана шайлоонун башка катышуучуларынын кадыр-баркына шек келтирген аракеттерге жол берилбей турганын билдирген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов 28-ноябрда маалымат жыйында мыйзам бузду деген негизде алты талапкер жарыштан четтетилгенин билдирген. Мындан тышкары 30 талапкердин өзүнө жана өкүлдөрүнө эскертүү берилди. Ошондой эле шайлоо мыйзамдарын жана үгүт жоболорун бузганы үчүн 503 миң сомдук айып пул салынды. Бекматовдун билдиришинче, жалпы 467 талапкер катталган болсо, анын 461и шайлоого катышат.


21:52 29.11.2025

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн тизмесин “Тизме" (tizme.gov.kg) порталына жайгаштырды.

Шайлоочулардын тизмесин Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (КБМР) камтылган маалыматтарынын негизинде Президенттин bш башкармалыгынын алдындагы "Кызмат" мамлекеттик мекемеси түзгөн.

Тизмеге 4 294 243 шайлоочу кирген.

  • 48,47% (2 081 514) эркектер
  • 51,52%.(2 212 729) аялдар
  • 18 жаштагылар – 2,44% (104 693),
  • 19-35 жаштагылар - 39,77% (1 707 851),
  • 36-45 жаштагылар - 21,52% (923 975),
  • 46-55 жаштагылар- 15,16% (650 851),
  • 56-65 жаштагылар - 12,31% (528 771),
  • 66 жаштан жогоркулар - 8,80% (378 102) түзөт.
  • БШК шайлоочулардын тизмелери 2025-жылдын 25-ноябрына чейин 2492 шайлоо участокторунда илине турганын билдирген. Шайлоочулар өздөрүн 1255 же 119 номерине телефон чалып, же шайлоо участкасына барып, же tizme.gov.kg сайтынан тактаса болот. ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин ала алат. SMS жана чалуулар акысыз.
21:53 29.11.2025

Шайлоочулардын суроосу: Миграция, жарык, билим берүү

Шайлоочулардын суроосу: Миграция, жарык, билим берүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:32 0:00

Эл депутаттан эмне күтөт?

"Талапкердин өмүр баянын карап тандайм". Эл депутаттан эмне күтөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:35 0:00

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG