Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Шайлоо: Эреже бузуулар жөнүндө 269 билдирүү түштү

  • Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өттү.
  • Өлкө боюнча 30 шайлоо округу түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).
  • 460 талапкердин 271и эркек, 189у аял.
  • Боршайком 37 кишини талапкер катары каттоодон баш тарткан.
  • Талапкерлердин 78и мурдагы депутаттар. 24-сентябрда 7-чакырылыштагы парламент өзүн-өзү тараткан.
  • Боршайком билдиргендей, 4 294 243 шайлоочу добуш берет. Анын 48,47% эркектер, 51,52% аялдар.
  • Шайлоого 800гө жакын эл аралык байкоочу көз салат.





12:43 30.11.2025

Ош облусунун аймагында шайлоого байланыштуу 53 материал катталды. Анын ичинен эки кылмыш иши козголуп, бирөө соттун кароосуна жөнөтүлдү, бирөө боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Үч материал каралууда. Ал эми калган 48 материал боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечим кабыл алынган.

Облус аймагындагы шайлоо тилкелеринде миңден ашуун милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыз кылышууда.

Шайлоого байланышкан мыйзам бузуучулук жөнүндөгү маалыматтар боюнча тергөө-ыкчам тобу тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечимдер кабыл алынат.

12:48 30.11.2025
13:13 30.11.2025

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо Бишкектеги №1046 шайлоо тилкесинде добуш берип, бийлик саясий иш-чараны таза өткөрүүгө болгон шартты түзүп бергенин айтты. Мамлекет башчы айрым журналисттерге берген кыска комментарийинде добуш сатып алуу аракеттери токтобой жатканын билдирди.

“Бир эле маселе – шайлоочулар добушун сатып, талапкерлер сатып алган окуялар болуп жатат. Шайлоочулардын баары добушун сатып жатат деп айтпайм. Басымдуусу эч кандай акчага кызыкпайт. Анткени алардын жашоо-турмушу жакшы жана дүйнө таанымы жогору. Бирок добушун саткан саналуу адамдар бар. Мындай бир көчө, бир кландар болот экен. Биз алар менен күрөшүп, камап жатабыз”, - деди президент.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтүп жатат. Өлкө боюнча 2492, андан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо участкасы иштеп жатат. Ошондой эле чет жактарда 100 добушкана ачылды.

13:22 30.11.2025

Эл парламентке кандай депутаттар келишин каалайт? Ысык-Көл облусунун жашоочулары арасында сурамжылоо.

Эл жаңы парламентке кандай депутаттар келишин каалайт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:53 0:00

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG