Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Шайлоо: Эреже бузуулар жөнүндө 269 билдирүү түштү

  • Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өттү.
  • Өлкө боюнча 30 шайлоо округу түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).
  • 460 талапкердин 271и эркек, 189у аял.
  • Боршайком 37 кишини талапкер катары каттоодон баш тарткан.
  • Талапкерлердин 78и мурдагы депутаттар. 24-сентябрда 7-чакырылыштагы парламент өзүн-өзү тараткан.
  • Боршайком билдиргендей, 4 294 243 шайлоочу добуш берет. Анын 48,47% эркектер, 51,52% аялдар.
  • Шайлоого 800гө жакын эл аралык байкоочу көз салат.





10:34 30.11.2025

Энергетика министрлиги шайлоо күнү Кыргызстандагы энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштерин билдирди. Ага ылайык, жалпы 383 нөөмөт тобу уюштурулуп, 1250дөй жумушчу ишке чыкты.

"Ыкчам чыгуу үчүн атайын техника жана нөөмөттүк автомашиналар даярдалды. Мындан сырткары кандайдыр бир кырдаал катталса, авариялык абалды тез калыбына келтирүү үчүн, тийиштүү жабдуулар менен камсыздалды. Эгерде электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолор пайда болсо төмөнкү номерлерге кайрылыңыздар: Колл-борбор: 1209, 105, Оператордун мобилдик номери: 0772 001209, 0556 001209 , WhatsApp номер- 0702 001209",-деп жазылган маалыматта.

10:42 30.11.2025
10:47 30.11.2025
10:48 30.11.2025

30-ноябрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саат 10:00гө карата 167 миң 72 жаран добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди. Мындай көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 3,89% түзөт.

Кыргызстан боюнча 2492 шайлоо тилкеси саат 8:00дө ачылып, добуш берүү башталган. Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке иштеп жатат. Чет өлкөлөрдө 100 тилке бар жана Бишкек убактысы боюнча саат 8:00гө чейин 620 шайлоочу добуш берди.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG