Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Шайлоо: Эреже бузуулар жөнүндө 269 билдирүү түштү

  • Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өттү.
  • Өлкө боюнча 30 шайлоо округу түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).
  • 460 талапкердин 271и эркек, 189у аял.
  • Боршайком 37 кишини талапкер катары каттоодон баш тарткан.
  • Талапкерлердин 78и мурдагы депутаттар. 24-сентябрда 7-чакырылыштагы парламент өзүн-өзү тараткан.
  • Боршайком билдиргендей, 4 294 243 шайлоочу добуш берет. Анын 48,47% эркектер, 51,52% аялдар.
  • Шайлоого 800гө жакын эл аралык байкоочу көз салат.





17:25 30.11.2025

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 2492, андан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо участкасы иштеп жатат. Ошондой эле чет жактарда 100 добушкана ачылды.

Шайлоо-2025: Элдин күткөнү эмне?
please wait

No media source currently available

0:00 0:57:47 0:00
16:25 30.11.2025

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров үгүт маалында уюштурулган теледебаттарга айрым талапкерлердин катышпай койгонун жоопкерсиздик деп атады.

Бул тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, алдыда бул багытта иш-чараларды жүргүзүү керектигине токтолду.

"Жергиликтүү бийлик, Борбордук шайлоо комиссиясы, телеканалдар убара тартып уюштуруп жатат. Бул чоң иш. Ага карабай бул иш-чараларга катышпай койгон талапкерлерди өз уятына коёбуз. Мындан тышкары эл менен жолугушууларды уюштурганда да айрым талапкерлер барбай коюшту. Менимче, бул багытта дагы башка иш-чараларды көрүшүбүз керек", - деди Шайназаров.

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого талапкерлер арасында мамлекеттик телеканалдардын аянтчаларында теледебаттарды уюштурду. Айрым талапкерлер бул берүүгө катышуудан баш тартып, айрым дебаттар жалгыз талапкер менен өтүп же катышуучулар жок болгонуна байланыштуу эфирге чыкпай калган учурлар болду.

16:21 30.11.2025

30-ноябрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саат 16:00гө карата 1 млн 73 миң 444 жаран добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди. Мындай көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 25% түзөт.

Шайлоо округдары боюнча маалыматтар төмөнкүдөй:

  • №1 шайлоо округу – 31,2%;
  • №2 шайлоо округу – 27,81%;
  • №3 шайлоо округу – 27,52%;
  • №4 шайлоо округу – 31,44%;
  • №5 шайлоо округу – 21,42%;
  • №6 шайлоо округу – 22,64%;
  • №7 шайлоо округу – 24,09%;
  • №8 шайлоо округу – 27,94%;
  • №9 шайлоо округу – 23,02%;
  • №10 шайлоо округу – 31,37%;
  • №11 шайлоо округу – 18,41%;
  • №12 шайлоо округу – 25,12%;
  • №13 шайлоо округу – 32,19%;
  • №14 шайлоо округу – 25,2%;
  • №15 шайлоо округу – 28,88%;
  • №16 шайлоо округу – 29,05%;
  • №17 шайлоо округу – 22,05%;
  • №18 шайлоо округу – 24,13%;
  • №19 шайлоо округу – 20,8%;
  • №20 шайлоо округу – 16,37%;
  • №21 шайлоо округу – 19,71%;
  • №22 шайлоо округу – 20,35%;
  • №23 шайлоо округу – 21,23%;
  • №24 шайлоо округу – 17,82%;
  • №25 шайлоо округу – 22,06%;
  • №26 шайлоо округу – 28,25%;
  • №27 шайлоо округу – 25,68%;
  • №28 шайлоо округу – 23,59%;
  • №29 шайлоо округу – 28,72%;
  • №30 шайлоо округу – 32,07%.

Саат 15:00гө карата маалыматта жалпы шайлоочулардын 22% пайызы (944 миң 674 жаран) добуш берүүгө катышкан.

16:20 30.11.2025

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG