Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев бул шайлоодо чет өлкөдө жүргөн жарандарга шайлоого катышууга шарттар бир топ жакшырганын билдирди. Өткөн шайлоодо четте 59 шайлоо тилкеси ачылган болсо, бул жолу алардын саны 100гө көбөйгөнүн белгиледи.
“Мындан тышкары шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизилип, консулдук каттоодо жок жарандар да добуш берүүгө укуктуу болду. Алар жалпы жарандык же ID паспорту менен, болбосо Түндүк тиркемеси аркылуу каттоодон өтүп, добуш бере алышат”, - деди Имангазиев.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Бишкек убактысы менен саат 14.00го карата 8592 жаран добуш бергенин маалымдады. Эң биринчи ачылган Орусиянын Петропавловск-Камчатск шаарындагы добушканага жабылганын, бул жерде 162 адам добуш бергенин билдирди.
"Учурда Кыргызстандын аймагынан сырткары дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө, анын ичинде Орусия, Түркия, Бириккен Араб Эмирлиги, Сауд Арабиясы, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Австрия, Чехия, Словакия, Италия, Бельгия, Швейцария, Франция жана башка мамлекеттерде жайгашкан 92 шайлоо тилкесинде добуш берүү уланып жатат", - деп жазылган маалыматта.
30-ноябрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саат 14:00гө карата 815 миң 766 жаран добуш берди.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди. Мындай көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 19% түзөт. Шайлоо округдары боюнча маалыматтар төмөнкүдөй:
№1 шайлоо округу – 24,5%;
№2 шайлоо округу – 21,78%;
№3 шайлоо округу – 21,51%;
№4 шайлоо округу – 23,73%;
№5 шайлоо округу – 14,42%;
№6 шайлоо округу – 17,49%;
№7 шайлоо округу – 18,51%;
№8 шайлоо округу – 20,99%;
№9 шайлоо округу – 17,34%;
№10 шайлоо округу – 23,61%;
№11 шайлоо округу – 14,28%;
№12 шайлоо округу – 19,37%;
№13 шайлоо округу – 24,32%;
№14 шайлоо округу – 19,8%;
№15 шайлоо округу – 22,48%;
№16 шайлоо округу – 22,57%;
№17 шайлоо округу – 16,59%;
№18 шайлоо округу – 18,16%;
№19 шайлоо округу – 15,55%;
№20 шайлоо округу – 12,28%;
№21 шайлоо округу – 14,47%;
№22 шайлоо округу – 14,6%;
№23 шайлоо округу – 15,69%;
№24 шайлоо округу – 13,01%;
№25 шайлоо округу – 16,2%;
№26 шайлоо округу – 21,63%;
№27 шайлоо округу – 19,19%;
№28 шайлоо округу – 17,69%;
№29 шайлоо округу – 21,78%;
№30 шайлоо округу – 24,33%.
Саат 13:00гө карата маалыматта жалпы шайлоочулардын 15,96% пайызы (685 миң 400 жаран) добуш берүүгө катышкан.
Шерине