30-ноябрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саат 10:00гө карата 167 миң 72 жаран добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди. Мындай көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 3,89% түзөт.
Кыргызстан боюнча 2492 шайлоо тилкеси саат 8:00дө ачылып, добуш берүү башталган. Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке иштеп жатат. Чет өлкөлөрдө 100 тилке бар жана Бишкек убактысы боюнча саат 8:00гө чейин 620 шайлоочу добуш берди.
Энергетика министрлиги шайлоо күнү Кыргызстандагы энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштерин билдирди. Ага ылайык, жалпы 383 нөөмөт тобу уюштурулуп, 1250дөй жумушчу ишке чыкты.
"Ыкчам чыгуу үчүн атайын техника жана нөөмөттүк автомашиналар даярдалды. Мындан сырткары кандайдыр бир кырдаал катталса, авариялык абалды тез калыбына келтирүү үчүн, тийиштүү жабдуулар менен камсыздалды. Эгерде электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолор пайда болсо төмөнкү номерлерге кайрылыңыздар: Колл-борбор: 1209, 105, Оператордун мобилдик номери: 0772 001209, 0556 001209 , WhatsApp номер- 0702 001209",-деп жазылган маалыматта.
Шерине