"Азаттык" аймактардагы элге кандай депутаттар келиши керек деген суроо узатты.
Шайлоо-2025: Талапкерлер кимдер жана шайлоо кандай өтүп жатат?
Талапкерлердин эң жашы 25 жаштагы 12-округдан Бекмурза Чолпонбай уулу менен 29-округдагы Мадина Таштанбекова болсо, эң аксакалы профессор Сулайман Кайыпов.
Талапкерлердин ичинде бир округдан атаандаш болуп чыккан туугандар да болду.
Маселен, №15 Аксы, Ала-Бука округунан эже-сиңди Айсаракан жана Салтанат Абдибаевалар бири-бирине атаандаш болсо, №1 Баткен-Лейлек округунан Чыңгыз Ажыбаев жана Асель Набиева күйөө-бала, кайнеже.
Ал эми бир үй-бүлөдөн эки башка округда ат салышкан белгилүү илимпоз Сулайман Кайыповдун үй-бүлөсү болду. Тагыраагы, Кайыпов 12-округдан чыкса, уулу Эржан Сулайман 24-округдан ат салышууда.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүндө добуш сатып алуу боюнча тогуз кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Султан Макилов 30-ноябрда билдирди.
Бул иштердин алкагында 12 кишиге айыбы угузулган. Кылмыш иштердин бешөө Бишкек шаарында, экөө Чүй жана дагы экөө Жалал-Абад облусунда козголгон.
Шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча укук коргоо органдарына жана Борбордук шайлоо комиссиясына 256 маалымат түшкөн.
Мунун алдында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов үгүт иштеринде мыйзам бузуулар боюнча талапкерлерге жана алардын жакындарына, үгүтчүлөрүнө 700 миң сомдук айып салынганын билдирген.
30-ноябрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саат 10:00гө карата 167 миң 72 жаран добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди. Мындай көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 3,89% түзөт.
Кыргызстан боюнча 2492 шайлоо тилкеси саат 8:00дө ачылып, добуш берүү башталган. Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке иштеп жатат. Чет өлкөлөрдө 100 тилке бар жана Бишкек убактысы боюнча саат 8:00гө чейин 620 шайлоочу добуш берди.
Шерине