Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

"Бакиев жакшы жашап жатат". Лукашенко аны Кыргызстанга өткөрүп бербей турганын айтты


Курманбек Бакиев. Архив сүрөт.
Курманбек Бакиев. Архив сүрөт.

Кыргызстандагы 2010-жылдагы кандуу Апрель окуясынан кийин президенттик кызматын таштап, өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери Беларуста жашап келаткан мурдагы президент Курманбек Бакиевдин маселеси кайрадан көтөрүлдү. Апрель окуясында жүз чакты кишинин өмүрү кыйылган. Бакиев сыртынан 30 жылга соттолгон.

"Биз аны бербейбиз..."

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко 27-ноябрда Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) саммитинен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Беларус мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бербей турганын айтты.

“Бакиев жакшы жашап жатат. Биз аны силерге коё бербейбиз. Мен ага “эч жакка чыкпай Беларуста эле жашай бер” деп айттым. Жакшы жашап жатат. Кээде ал мени чакырганда конокко барып турам. Ошондуктан биз аны бербейбиз. Ал мага “жок дегенде атамдын мүрзөсүнө барып келсем” деп айтат. Кыргыздар өзүнүн президентине атасынын мүрзөсүнө баруусуна мүмкүнчүлүк бербегени акылга сыйбаган нерсе. Бул маселени азыркы өлкө жетекчилиги менен чечебиз деп ойлойм”, - деди ал.

2010-жылдагы кандуу окуялардан кийин өлкөдөн качып, ошондон бери Беларуста баш калкалап жашап келаткан Бакиев маселеси бир нече ай мурда да талкууга түшкөн.

Консоттун чечими

Кыргызстандын Конституциялык соту быйыл апрель айында Курманбек Бакиев боюнча чыккан сот өкүмү кайра каралууга жатат деген чечим чыгарган. Буга өкүм сыртынан чыгарылган деген жүйө себеп катары көрсөтүлгөн.

Консоттун сайтына 11-апрелде жарыяланган маалыматында кылмыш иши үчүн сыртынан соттолгон адам өз каалоосу менен же күч органдарынын аракетинин натыйжасында Кыргызстандын аймагына келгенден кийин соттук иши өзүнүн катышуусунда кайра каралышына реалдуу мүмкүнчүлүк алууга тийиш экени жазылган.

"Мындай укуктук жөнгө салуу укуктук мамлекеттин принциптерине берилгендикти, адилеттүү сот өндүрүшүнө болгон кепилдикти көрсөтөт жана эл аралык стандарттарга, ошондой эле көпчүлүк демократиялык мамлекеттердеги туруктуу практикага толугу менен ылайык келет", - деп белгиленген маалыматта.

Конституциялык сотко 2024-жылдын декабрында мурдагы президенттин адвокаты Икрамидин Айткулов кайрылып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин жети беренеси, тагыраагы, мурдагы президентти сыртынан соттоого шарт түзгөн нормалардын Баш мыйзамга шайкештигин текшерүүнү суранган.

Адвокат өз жүйөсүндө айыпталуучу жок болсо тергөө иштери анын жүргөн жери аныкталганга чейин токтотулуп турарын белгилеп, ал эми Бакиевдин ишинде ал катышпаса деле иш сотко өтүп, айыптоо өкүмү чыгып калганын мыйзамсыз деп билдирген.

Айткулов ага чейин "Азаттыкка" Курманбек Бакиев айыпталуучу катары катышпай, өзүн актоого мүмкүнчүлүгү болбой калганын белгилеген. 11-апрелде ал жергиликтүү басылмаларга бул иш боюнча комментарий берип, эгер Курманбек Бакиевдин иши кайрадан териштирүүгө жөнөтүлө турган болсо ал Кыргызстанга кайтарын айткан. Ал Бакиев качан келери белгисиз экенин айтып, "бардык иштерди кайра кароо үчүн экинчи инстанцияга жөнөтүшсө ал өзү келип катышуусу керек болорун" билдирген.

Икрамидин Айткулов
Икрамидин Айткулов

28-ноябрда Айткулов Бакиевдин иши боюнча соттун өкүмүн кайра кароо үчүн Жогорку Сотко арыз берилерин “Азаттыкка” билдирди. Ал качан кайрыларын тактаган жок, учурда арыз даярдалып жатканын маалымдады.

“Азыр кайрылууга даярдык көрүп жатам. Конституциялык соттун чечимине байланыштуу ишти кайра кароо үчүн кайрылууга жол берген жаңы жагдай пайда болду. Ушунун негизинде кайрылабыз”, - деди Айткулов.

Бийликтин билдирүүлөрү

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Лукашенконун бул жолку Бишкек сапарында Бакиев маселеси тууралуу сөз болбогонун айтты.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине 4-июнда курган маегинде Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу тууралуу сөздөргө байланыштуу пикирин билдирген. Ал журналисттин "Алмазбек Атамбаевдин баласы Кадырбек Атамбаевдин Кой-Таш окуясына байланыштуу сот чечимин Бакиевди Кыргызстанга алып келүү үчүн соодалашууга пайдаланат”, - деп айтканы тууралуу суроосуна жооп берип жатып Бакиевди алып келип соттоо деле кыйын болорун белгилеген.

"Бакиевди алып келүүгө, чынымды айтсам, мен кызыкдар эмесмин. Тескерисинче, өздөрү кызыкдар болуш керек эле. 2010-жылдан бери "Бакиевди алып келели десек, беларус тарап бербей жатат" деп элди алдап келишпеди беле. Ушул калптары элге ачыкталып калды. Биз сурасак, "макул берели, бирок ачык сот кылгыла" дешти. Ага да өздөрү каршы чыгып жатышпайбы. Соттун ачык болуусуна эч кимиси кызыкдар эмес. Эски жараны чукубай эле койбойсуңарбы деп атышат. Ошондуктан, Бакиевди алып келүү үчүн соодалашат деген сөз - жаш баланын сөзү. Алла күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай мен Бакиевге милдеттүү же карыз эмесмин. Мага, эң негизгиси, өлкөбүздө стабилдүүлүк болуп турса болду. Чындап эле эски жараны чукубай эле коелучу деп ойлодум. Ачык сот болгондо деле күнөөлүүлөрдү соттош кыйын болот. Анткени окуя 10 жылдан ашып, кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кетти",-деген Жапаров.

Садыр Жапаров ага чейин Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканын, Беларус бийлиги эгер ал камалбаса өткөрүлүп берилерин билдирген.

Консоттун чечиминен улам Бакиев Кыргызстанга келет деген сөз күчөгөндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагы президент келсе камаларын эскерткен. 12-апрелде ал Фейсбуктагы баракчасына Бакиев боюнча Конституциялык сот чыгарган чечимге байланыштуу билдирүү жасаган жана ага бүгүнкү бийликтин эч кандай тиешеси жоктугун айткан:

“Конституциялык сот көз карандысыз. Курманбек Бакиев боюнча Жогорку Соттун өкүмү күчүндө турат. Ошондуктан эгер Курманбек Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо чек арадан өтөрү менен камалат”.

Курманбек Бакиев президенттик бийликке 2005-жылкы 24-март ыңкылабынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодо бийликтен кулатылган жана үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.

"Бакиев келбеши керек..."

Мындан 15 жыл мурдагы окуяда уулун жоготкон Нурия Айдабосунова Бакиевдин Кыргызстанга келишине каршы экенин айтууда. Ал Бакиевдин окуясы мурда-кийин эл башкарган жетекчилерге сабак болушу керек деп эсептейт:

"Бакиев боюнча баарыбыздын оюбуз бирдей эле болчу элдин баарынын. Азыркы бийликтин мамилеси бөлөкчө болуп жатат. Биз башында эле бул киши Кыргызстанга жолобош керек, башкаларга дагы сабак болушу керек деп айтканбыз. Кыргызстандын жашоосуна башка бир мамлекеттин жетекчиси кийлигишип, жетекчилик менен сүйлөшөбүз дегени туура эмес, саясий ката болуп калды. Бизге деле туруктуулук керек. Бийлик иштеп атат, өзгөрүүлөр болуп жатат. Бирок элге тынчтык керек, элди козгоп, бирөө кийлигишип, саясий оюндардын кереги жок азыр. Биз тынч, стресси жок жашагыбыз керек. Бул Бакиевге эле эмес, өлкөнүн башына барган бардык жетекчилерге сабак болушу зарыл. Аны жактырып атса өз өлкөсүндө кармап, оокатын кыла беришсин".

Апрель революциясында башына ок тийип, бирок аман калган акын Кубанычбек Көкөтаев "Бакиевдер Кыргызстанга келет" деген сөз оор тиерин быйыл март айында "Азаттыкка" курган маегинде билдирген эле:

Кубанычбек Көкөтаев
Кубанычбек Көкөтаев

"Укканда бир чети намыстанабыз. Ошол күнү канча баланын жаны кетти, каны кетти. Алар бекер чыгышкан жок да. Биз го аман-эсен жүрөбүз. Ушул төрт жылдан бери "Бакиевдерди алып келет экен" деген ушак сөздөрдү угуп жүрчүбүз. Буга мен каршымын. Келбеши керек. Бакиевдер келсе, мыйзам чегинде жооп бериши керек, камалышы керек".

2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы болгон Эмилбек Каптагаев Бакиевди алып келүүгө умтулган күчтөр бар деп эсептейт. Мындай пикирин ал 28-ноябрда билдирди:

"Бул Лукашенконун учурда "өпкөсү көөп", дөөрүп эле жатканы. Азыркы абал, Орусия менен Кыргызстандын жакындашуусу дем берип, делбеңдетип атат го. Мындан ары Кыргызстан айтканыбыздай болот, айткан жакка басат дегендей пикир жаралып жатса керек. Эми турмуш көрсөтөт. Бакиевди алып келүүгө умтулуулар, ошондой күчтөр бар да. Бирок ар бир нерсени ошол учурдагы кырдаал, ички-тышкы саясий конъюктура чечет да. Азыркы учурда алып келе койгонго эч кандай шарт жок".

Ал эми саясат талдоочу Алмаз Тажыбай Бакиевди Кыргызстанга алып келүү же аны актоого аракет кылуу көрүнүштөрү 2020-жылдан кийин башталганын белгилөөдө. Талдоочу Бакиев башкарып турган бийлик тушундагы коррупцияны, журналисттерди жана саясатчыларды куугунтуктоону, адам өлүмдөрүн унутуу мүмкүн эмес деп эсептейт. Тажыбай Бакиевдин келиши азыркы бийликке деле пайда алып келбейт деген ойдо:

"Бул маселени биздин бийлик көтөрүп жатканы деле айтылган жок. Мүмкүн Минскиден өздөрү каалап сүйлөшүүлөр жүргөндүр. Аны болжолдоп эле айта алабыз, бирок аракеттерди көрүп жатпайлыбы. Жылына эки жолу Бакиев маселеси көтөрүлүп, социалдык тармактарга жазып калып жатат. Президент Садыр Жапаров деле ал келсе камала турганын айткан. Келсе күнөөлүү деп отурат же анын күнөөсү жок деп кандайдыр бир жашыл жол ачып, беймарал келип-кеткиси келет. Бул дагы саясат болуп жатат. Ал кишинин деле келгиси келген жок. Анткени канча окуялар болду ал бийликте турган учурда. Мейли, Апрель окуясы болбосо деле андан мурунку өлүмдөрдү ким кечирет? Келе турган болсо ошол эле Медет Садыркуловдун, Геннадий Павлюктун өлүмү, үй-бүлөсү менен башкарып жүргөнү, жемкорлук, Максимдин аралашканы боюнча кандай көз караш болот? Ушул иштерин, тескерисинче, Шералынын чокоюндай эстеп, айтып туруш керек. Азыркы муун унутуп калды, жаштар билбейт деп ойлошу мүмкүн. Бул 50 жылдан кийин унутулушу мүмкүн, бирок эмне болсо дагы тарыхта жазылып калды, муну бурмалоого мүмкүн эмес".

Апрель окуяларына байланыштуу сотто Бакиев баштаган 28 адамга айып тагылган. Мурдагы президент менен анын тун уулу Марат 30 жылга, анын кенже уулу Максим жана бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев өмүрүнүн акырына чейин сыртынан соттолгон. Курманбек Бакиевдин тушундагы өкмөт башчы Данияр Үсөновго 15 жылга эркинен ажыратуу тууралуу сырттан өкүм чыккан.

Бакиев ошондон берки бардык маектеринде дооматтарды четке кагып, тагылган айыптарды мойнуна албай келет.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG