Президент Садыр Жапаров "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине жана “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына чыкты.
Жогорку Кеңеш документти 11-сентябрда кабыл алган.
Аталган мыйзам менен үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн адамга камактын мөөнөтү 7 суткадан 14 суткага чейин көбөйтүлөт. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу укук бузуу жасаган адамга сот үч айга чейинки мөөнөткө дайындалуучу электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү киргизе алат. Муну үчүн ага электрондук билерик тагылат.
Мыйзамдын максаты "Аялдарга карата зомбулукту жоюу жөнүндөгү декларация боюнча Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндөгү конвенцияны, Министрлер кабинетинин Кыргызстанда гендердик теңчиликке жетүү боюнча 2022–2024-жылдарга улуттук иш-аракеттер планын ишке ашыруу" болуп саналат.
Кыргызстанда буга чейин кыз-келиндер уурдалып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуялар болгон. Өлкөдө быйыл сегиз айдын ичинде (январь-август) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 277 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 35,1% же 3710 окуяга көп. (ErN)
Шерине