Танзанияда өткөн шайлоодон берки үч күн ичинде нааразылык акцияларында жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылганын өлкөнүн оппозициясы билдирди.
AFP маалымат агенттиги "Чадема" оппозициялык партиясынын өкүлүнө таянып каза болгондор 700дөй киши экенин жазды, Би-Би-Си дипломатиялык булактарга таянып кеминде 500 өмүр кыйылганын кабарлады.
Интернет байланышы улам өчүрүлүп жаткандыктан так санды аныктоо мүмкүн эмес экени айтылууда.
Бийлик демонстрацияларды токтотуу максатында коменданттык саат режимин киргизди.
29-октябрда Танзанияда президенттик шайлоо өткөн. Оппозиция азыркы президент Самия Сулухуну башкы атаандаштарын жарыштан атайылап четтетти деп айыптап жатат.
Митингдерге негизинен жаштар чыккан. Алар шайлоонун таза өтүшүн талап кылууда.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы расмий жарыялана элек, бирок мамлекеттик телеканалдар азыркы мамлекет башчы утканын маалымдашты. Сулуху президенттикке 2021-жылы шайланган.
Танзания Африканын чыгышындагы калкы 55 миллиондон ашуун өлкө. (RK)
Шерине