Кыргызстанда 2025-жылдын 9 айында Мамлекеттик ипотекалык компаниядан кезекте турган жана үлүштүк курулуш механизми менен акчанын 50% берген 3 621 адам батир алды.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 28-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш айыл аймагындагы “Асман резинденс 4” турак жай комплексиндеги батирлерди элге тапшыруу иш-чарасында айтты.
Ал ушул күнгө чейин 13 миңден ашык үй-бүлө Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үйлүү болгонун, дагы 69 миңден ашык адам мамлекеттик программалардын алкагында үй алуу үчүн кезек күтүп жатышканын кошумчалады. Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 2015-жылы 10 млн сом болсо, быйыл ал 87,5 млрд сомго чейин көбөйгөнүн билдирди.
“Асман резиденс 4” турак жай комплексинде 9 кабаттуу 12 үй курулуп, жалпы 945 батирди камтыйт. Андан Мамлекеттик ипотекалык компанияда кезекте турган 153 киши батир алды. (BTo)
Шерине