Сербиянын Нови-Сад шаарында 20-27-октябрь күндөрү өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы (U23) дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар төрт медал алышты.
Кыз-келиндер күрөшүнөн 72 кг салмак ченинде Нурзат Нуртаева дүйнө чемпиону болсо, Гүлнура Таштанбекова 68 кг салмакта коло байгеге ээ болду.
Эркин күрөштөн 61 кг салмакта кыргызстандык балбан Өмүрбек Асан уулу күмүш, 65 кг салмак ченинде Билол Шарип уулу коло медал тагынды. Ал эми грек-рим күрөшүнөн Кыргызстандын курама командасы бир да медал ала алган жок. (BTo)
Дагы караңыз
Шерине