Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:48

Кыргызстанда БУУнун 80 жылдыгы белгиленди


БУУнун Кыргызстандагы туруктуу Антье Граве.
БУУнун Кыргызстандагы туруктуу Антье Граве.

Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 80 жылдыгына карата “Тынчтык, өнүгүү жана адам укуктары үчүн биргелешкен аракет” деген ураан алдында иш-чара өттү.

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве өз сөзүндө көп тараптуу өнөктөштүктүн маанисин белгиледи:

“Бүгүн сахнадагы 80 комузчудан турган оркестр сыяктуу эле, Бириккен Улуттар Уюму да ар түрдүү үндөрдү, маданияттарды жана көз караштарды бириктирет. Ар кимдин өз үнү, бирок баары биргелешип гармония жаратканда чыныгы өнөктөштүктүн символуна айланат,” - деди ал.

Иш-чарада Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев да сөз сүйлөп, өлкөнүн БУУ менен кызматташтыгынын маанисин белгиледи.

Мааракелик иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, парламент депутаттары, жарандык коом, жаштар, эл аралык уюмдар жана БУУнун кызматкерлери катышты.

“БУУ айылы” аттуу көргөзмө уюштурулуп, анда Кыргызстанда иштеген 27 агенттиктин иши көрсөтүлдү. Экспозицияда “Тынчтык”, “Өнүгүү”, “Адам укуктары” жана “Гендердик теңчилик” багыттары боюнча уюм кошум жаткан салым чагылдырды.

Бириккен Улуттар Уюму 1945-жылы 24-октябрда Устав күчүнө кирген датада түзүлгөн. Уюмдун негизделгенине быйыл 80 жыл толду.

Кыргызстан БУУга 1992-жылдын 2-мартында мүчө болгон. Бир жылдан кийин өлкөдө уюмдун туруктуу өкүлчүлүгү ачылган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG