Жаңылыктар | 02.09.2025 | Кыргызстанда бензин кымбаттайт
Мунай ташуучулар ассоциациясы Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кымбатташы мүмкүн экенин билдирди. Уюмдун жетекчиси Канат Эшатов “Азаттыкка” билдиргендей, учурда Орусиядагы мунай заводдорунан Кыргызстанга май сатуу боюнча сунуштар азайып, баасы да өсүп жатат. “Ушул бизди кооптондуруп жатат. Бул азыркы баадан дагы 3-4 сомго кымбатташы мүмкүн. Бир жагынан сунуштардын азайып жатышы биздеги майдын тартыштыгын пайда кылышы мүмкүн. Орусиядагы заводдордун айрымдарында оңдоо иштер болуп жатса, кээ бирлерине дрон чабуулу болуп, күтүүсүз жабылууда. Орусия биринчи кезекте ички керектөөсүн камсыз кылмайынча, башкаларга бербейт да”, - деди Эшатов.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 15, 2025
Жаңылктар | 15.10.2025 | Көк-Жардагы жерлерди ким мыйзамсыз саткан?
Шерине