Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:57

Туризм фондунун жетекчиси болуп Адилет Жанузаков дайындалды


Канат Жанузаков
Канат Жанузаков

Экономика министрлигине караштуу Туризм фондунун директору болуп буга чейин Юстиция министрлигинин алдындагы Кайтаруу жана конвой кызматын жетектеген Адилет Жанузаков дайындалды.

Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты. 39 жаштагы Жанузаков кесиби боюнча аскер кызматкери. Ал Орусиядагы Аскер институтун аяктаган соң Коргоо министрлигинде, өкмөт аппаратында, Жаза аткаруу кызматында эмгектенген.

Туризмди өнүктүрүү фонду 2022-жылы ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу, аймактарда туристтерди кабыл алуу үчүн инфраструктураны жакшыртуу жана алыскы аймактарда кошумча жумуш орундарын түзүү максатында түзүлгөн. Фонд түзүлгөндөн бери аны жетектеген адамдар тез алмашып келет. Акыркы жолу жетекчиликке дайындалган Данияр Косумбаев бир айдан ашык гана директорлук кызматта иштеди.

Шерине

XS
SM
MD
LG