Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары 200 миң АКШ долларын опузалап алуу фактысы менен кармалганын билдирди.
13-октябрдагы маалыматта, ал А.Т.Н. аттуу жаран менен бирге бизнес өкүлдөрүн ынандырып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланышы бар экенин айтып, буга чейин козголгон кылмыш ишин токтотууга жардам берүүнү убадалаган.
“2025-жылдын 10-октябрында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган К.Б.Ш. жана А.Т.Н. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген”, - деп жазылган маалыматта.
Атайын кызмат буга чейин да өзүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын адамы катары көрсөтүп, жарандардан опузалап акча талап кылгандар кармалганын билдирген. Алсак, сентябрда Ташиевдин атын жамынган киши кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүү үчүн 400 миң доллар талап кылганын кабарлаган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунда эл менен жолугушууда атайын кызматкерлер арасында да коррупцияга аралашкандар бар экенин, анын атын сатып, акча алып жүргөндөр кармалганын айткан.
Шерине