АКШ президенти Дональд Трамп Израилге сапар тарткан учакта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Украинага “Томагавк” канаттуу ракеталарын жеткирүү ниетин четке какпады. Ага чейин бул маселени Орусия менен талкуулоого кызыкдар экенин билдирди.
“Чынын айтканда, “Томагавк” боюнча Орусия менен сүйлөшүүгө туура келет окшойт. Алар өзүнүн аймагына “Томагавктардын” учуп киришин каалашабы? Менимче, жок. Чыныгы абал боюнча муну Орусия менен сүйлөшүп көрүү керек деп ойлойм”, - деди Трамп.
Тактоочу суроого жооп берип жатып, ал орус лидери Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүүсү мүмкүн экенин белгиледи. “Аны менен телефондо сүйлөшүшүм мүмкүн. Ага: “Мени ук, эгер бул согуш жөнгө салынбаса, ага “Томагавк” менен барам деп айтышым ыктымал”, - деди Трамп.
Ошол эле учурда Трамп “Томагавк” куралдарынын берилиши “чабуулдун жаңы баскычы” болорун белгилеп, муну Украина президенти Владимир Зеленский менен да талкуулаганын айтты. Трамптын айтымында, Орусия тынчтык жолун кабыл алып, Украинага “Томагавк” берүүгө аргасыз кылбашы керек болчу. Ал орус президенти тынчтыкка барарына ишенерин белгилеп, эгер андай болбосо, мунун аягы “жаман болорун” белгиледи.
Буга чейин Владимир Зеленский соңку күндөрдө Трамп менен эки жолу телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтып, анда “Томагавк” куралдары да талкууланганын ырастады. Орусия бир нече жолу Украинага узак аралыкка жетүүчү ракетанын берилиши боюнча тынчсыздануусун билдирген. Бирок Путиндин айтымында, мындай кадам “согуштун жүрүшүн өзгөртпөйт”.
Шерине