Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:51

Израилде 13-октябрда бошотула турган туткундарды күтүп жатышат


Израилде 13-октябрдын таңында бошотулары айтылган 20 туткунду күтүп жатышат. Алар эки жыл мурда барымтага алынып, Газа тилкесинде кармалып тургандардын арасынан тирүү калгандар. Маалыматты жекшембиде өлкөнүн премьер-министринин иш башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин медиа ХАМАСтын (АКШ менен Европада террордук уюм катары таанылган) өкүлдөрүнө таянып, 2023-жылдын 7-октябрында туткунга алынган адамдар 12-октябрда кечке жуук бошотуларын жазышкан.

Израил болсо туткундар саат 6да бошотуларын билдирген. Ок атышууну токтотуу келишимине ылайык, туткундарды бошотуу мөөнөтү 13-октябрда түштө аяктайт.

ХАМАС мындан тышкары барымтада каза болгон 28 адамдын сөөгүн да өткөрүп берет. Бирок азырынча жасаттар тирүү адамдар менен бир учурда берилеби же жокпу белгисиз.

Израилде абакта жаткан палестиндер туткундагылар бошотулуп, Израилдин аймагына келери менен эркиндикке чыгарын кабарлашты. Бир катар медиалар кабарлагандай, ХАМАС палестиндик кыймылдын мүчөсү саналып, терроризм беренеси менен соттолбогон жети адамды кошо эркиндикке чыгарууну талап кылууда.

Ак үй президент Дональд Трамп Израилге жол тартканын, ал жакка дүйшөмбү эртең менен барарын билдирди. Ал Кнессетте сүйлөп, жети туткунга да жолугары айтылууда. Андан кийин ал Египеттин Шарм-эш-Шейхте Газадагы согуштун аякташына байланыштуу 20дай дүйнөлүк лидердин катышуусунда өтчү саммитке катышат.

Белгилүү болгондой, Израилдин өкүлдөрү жыйынга катышпайт. Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббастын дагы Шарм-эш-Шейхке барары белгисиз. "Аль-Жазира" жекшембинин кечинде анын катышуусу мүмкүн экенин кабарлады. Саммитке Франциянын президенти, Германиянын канцлери, Британиянын премьер-министри ж.б. араб жана ислам өлкөлөрүнүн лидерлери катышат.

Трамп сунуштаган тынчтык келишимин ишке ашыруу планынын биринчи баскычына ылайык өткөн жумада Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугу астында Израил менен ХАМАСтын (АКШ менен Европада террордук уюм катары таанылган) сүйлөшүүсү өткөн. Египетте өткөн бул сүйлөшүүдө Газадагы израилдик аскерлерди чыгарып кетүүгө жооп катары ХАМАС барымтадагылардын өлүү-тирүүсүн кошкондо 48 адамды өткөрүп берерин билдирген. Израил ага жооп катары өмүр бою эркинен ажыратылган 250 палестиндикти жана Газада согуш башталгандан бери абакта кармалып турган 1700 адамды бошотууга тийиш.

Өткөн аптанын жумасынан бери тилкеде ок атышуу токтоп турат. Азырынча Газанын жана ХАМАСтын келечеги тууралуу келишим жок.

Шерине

XS
SM
MD
LG