Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:05

“Кыргызиндустриянын” мурдагы жетекчиси Жарасул Абдураимов каза болгону кабарланды


Жарасул Абдураимов.
Жарасул Абдураимов.

Коррупцияга айыпталып, жыл башында камалган мамлекеттик кызматкер Жарасул Абдураимов ооруканада каза болгону тууралуу маалымат 6-октябрдын кечинде анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Буга чейин эле жакындары ал төртүнчү стадиядагы боор рагынан жабыркап, абалы оор экенин жазышкан. Абдураимов Какиш Рыскулова атындагы №1 шаардык клиникалык ооруканада экенин, донордун каны зарыл болуп жатканын айтышып, кан тапшырууга чакырышкан.

Октябрдын башында “Кыргызиндустрия” ишканасынын мурдагы жетекчиси Абдураимовго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, Бишкектин Ленин райондук сотуна түшкөн. Соттук процесс качан башталары кабарланган эмес.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл январда Абдураимовду жана анын орун басарын "коррупциялык схема түзгөн" деген айып менен кармаган. Кийин Абдураимов ооруканага которулганы белгилүү болгон.

Атайын кызмат кармалгандар 2022-2024-жылдары мекемеге караштуу 40тан ашуун чыгашалуу ишкана ачып, аларга тааныш-билиштерин жетекчи кылып коюп, көп суммада айлык төлөгөн деген кине таккан.

УКМКнын маалыматы боюнча “Кыргызиндустрия” өнөр жайды модернизациялоо жана мамлекеттин үлүшү болгон ишканаларды натыйжалуу башкаруу максатында 2021-жылы түзүлүп, 2022-2024-жылдары бул мекемеге 2,3 миллиард сом бөлүнгөн.

65 жаштагы Жарасул Абдураимов Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы завод, “Дастан” сыяктуу бир топ ишканаларда жетекчилик кызматтарда жүргөн. 2013-2015-жылдары “Кумтөр Голд Компани” ишканасында иштесе, 2020-2021-жылдары өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2021-жылдын июль айынан 2022-жылдын январына чейин экономика жана коммерция министринин орун басарынын кызматын аркалаган. 2023-жылдын соңунда президент Садыр Жапаров Жарасул Абдураимовго “Өнөр жайга эмгек сиңирген ишмер” деген наам ыйгарган. (AiA)


Шерине

XS
SM
MD
LG