Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:58

Орусиянын дрону Сумыдагы төрөт үйүнө кулап өрт чыкты


Сумыдагы чабуулдун кесепети.
Сумыдагы чабуулдун кесепети.

Дүйшөмбүдө Орусиянын армиясына таандык дрон Украинанын Сумы шаарындагы төрөт үйүнүн чатырына кулап, өрт чыкты. Бул маалда имаратта 35 дарылануучу, 11 ымыркай, 120 медициналык кызматкер болгон.

Украинанын президентинин кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермактын маалыматына караганда, абадан эскертүү берилгени үчүн мекеменин ичиндегилер баш калкалоочу жайга түшүүгө үлгүргөн.

Чабуулдун видеосун аймактык администрациянын башчысы Олег Григоров жайгаштырды.

Бир күн мурун ушул эле облустагы Шостка-Киев багытында каттаган жүргүнчү поезди Орусиянын армиясынын аткылоосуна кабылган. Украинанын вице-премьер-министри Алексей Кулебанын айтымында, орусиялык аскерлер Шосткадагы темир жол бекетине эки ирет сокку урууга аракет кылган.

Орусия соңку чабуулдар боюнча комментарий бере элек.



Москва далилдерге карабастан Украинанын шаарлары менен айылдарынын жарандык инфраструктурасына чабуул жасап, социалдык объектилерин талкалап жатканын четке кагып келет.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын "аскердик кылмышы" катары санайт. (AiA)


Шерине

XS
SM
MD
LG