Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:42

Садыр Жапаров шайлоодо талапкерлигин койсо, 90 пайыз добуш менен утуп чыгарына ишенет


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурун өткөрүү президенттик шайлоого камылга болушу мүмкүн деген сөздөрдү четке какты. Бул тууралуу ал 30-сентябрда калкка кайрылуусунда билдирди. Ал парламент депутаттарынан Жогорку Кеңешти таратуу боюнча суранбаганын, калктын колдоосу чоң экенине ишенерин айтты.

“Кээ бир саясатчылар же оппозициячылар бир жылдан кийинки президенттик шайлоого кам көрүп жатат деп ойлошу мүмкүн. Жок, туугандар. Мен эч бир депутаттан тарагыла деп суранган деле жокмун. Мен 5 жыл мурун 80 пайыз элдин колдоосу менен өткөм. Кийинки шайлоого талапкерлигимди койсом, 90 пайыз менен өтөм деп ишенем. Анткени элдин колдоосу мурдагыдан да күч экенин сезип турам”, - деди Жапаров.

Президент бул жолу парламенттин тарашы менен мындан ары узак мөөнөткө саясий стабилдүүлүк орногонуна кубанганын кошумчалады.

Кыргызстанда мурдагы президенттик шайлоо 2021-жылы январда өткөн. Анда Жапаров добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын дээрлик 79 пайыздан ашыгынын добушун алып, жеңип чыккан. Анда жалпы шайлоочулардын 40 пайызы шайлоого катышкан.

Кийинки президенттик шайлоо мыйзам боюнча 2027-жылы январда өтүшү керек.

2024-жылдын башында Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов мамлекет башчы кийинки президенттик шайлоого катыша турганын айткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG