Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Волгоградда дрон чабуулунан үч кыштак жарыксыз калды


Волгоград. Архив
Волгоград. Архив

Орусиянын Волгоград облусунун губернатору Андрей Бочаров 30-сентябрда аймак "жапырт дрон чабуулуна кабылганын" билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, шейшембиге караган түнү абадан коргонуу күчтөрү Волгоград облусунун үстүнөн украиналык жети дронду атып түшүрдү.

Губернатор Бочаровдун билдирүүсүндө, Светлоярск районунда үч кыштакты электр жарыгы менен камсыздоо үзгүлтүккө учурады. Электр берүү линияларында оңдоо иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, Волгограддын аймагында кургак чөп күйүп кетти, болжолдуу маалыматтар боюнча имараттарга зыян келтирилбеди, жабыркагандар жок.

Орус Коргоо министрлигинин күнүмдүк маалыматында өлкө аймагында 30-сентябрдын түнү жалпы 81 учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнү айтылат.

Анын көбү же 26сы Воронежде, 25и Белгороддо, 12си Ростов, 11и Курск облусунун аймагында жок кылынган.

Украина тарап Орусиянын аймактарына соккулар тууралуу комментарий бере элек.

Орусиянын армиясы 2022-жылдын февралында Украинанын аймагына толук кандуу бастырып киргенден бери тынымсыз ар кандай соккуларын улантууда. Миңдеген карапайым украиндердин өмүрү кыйылды, шаар-кыштактар талкаланып, миңдеген киши майып болуп калды.

Шерине

XS
SM
MD
LG