29-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода жолугушту. Ага чектеш райондордун акимдери, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы облус башчылары чек араны делимитация кылуунун жыйынтыгы менен, эки тараптан тең алмашууга макулдашылган айыл аймактардын тургундарын көчүрүүгө байланыштуу маселелер талкууланганын билдирди. Анын ичинде чек араны демаркациялоодо чек ара сызыгын, короо жай, бак-дарактардан, коммерциялык объекттерден тазалоо иштерин жүргүзүү, эл арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу тууралуу сөз болду.
Кыргыз-тажик чек арасы такталып бүтө электе ортодо куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар болгон.
2021-жылы апрель айында 36 кыргызстандык курман болгон, тажик тараптан 19 адам каза тапканы расмий жарыяланган. 2022-жылкы сентябрь айындагы кагылышта Кыргызстан бери дегенде 75 жаранынан айрылган, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын билдирген.
Кыргызстандын Чек ара кызматынын расмий маалыматына караганда, 2022-жылы 14-сентябрда башталып, 19-сентябрда басылган окуяда каза тапкан 75 кыргызстандыктын 51и аскер кызматкери, алардын 42си чек арачы болгон.
Быйыл 13-мартта Бишкекте президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгон. Алар чек ара келишимин “тарыхый” деп баалашкан.
Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон 31-мартта Тажикстандын Кожент шаарында ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшкан. Бул документ алмашуу менен чек араны тактоодогу делимитация процесси толук бүткөн.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды. Ушул тапта чек арага зым тартуу иштери жүрүп жатат. (BTo)
Шерине