Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:05

Кыргызстанда кыйноо фактылары кыскарганы, бирок маселе актуалдуу экени айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыйноолорду алдын алуу борборунун Координациялык кеңеши 29-сентябрда отурумга чогулуп, 13 жыл ичинде жасалган ишинин жыйынтыгын чыгарды. Мекеменин билдиришинче, борбордун кызматкерлери жабык жайларга 17 миң жолу барып, кыйноо, катаал мамиле фактыларына байланыштуу эки миңден ашуун арыз кабыл алган. Бул убакыт аралыгында тийиштүү мекемелерге 700дөн ашуун сунуш берилсе, анын 60% ишке ашкан.

"2022-жылга карата Кыйноо практикасын колдонуу индексине ылайык, акыркы беш жылда кыйноолордун деңгээли 1,5 эсеге азайган. Бирок көйгөй актуалдуу бойдон калууда жана аны жок кылуу үчүн олуттуу аракеттерди талап кылат", - деп жазылган аталган борбордун маалыматында.

Кыйноолорду алдын алуу борбору адам укуктарын коргоо, катаал мамилени болтурбоо, кыскартуу, ушул багытта реформа жасоого көмөк көрсөткөн мамлекеттик органдарга, жарандык коомдун өкүлдөрүнө жана эл аралык өнөктөшкө ыраазычылык билдирген.

Президент Садыр Жапаров 23-сентябрда кол койгон “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” конституциялык мыйзамына ылайык Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор жоюлуп, Акыйкатчы институтунун курамына киргизилген.

Мыйзам Жогорку Кеңеште талкууланып жаткан учурда бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары, жарандык коомдун өкүлдөрү тынчсыздануусун билдирип, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду өз алдынча мекеме катары калтыруу сунушун беришкен. Жергиликтүү укук коргоо уюмдары президент Садыр Жапаровго кайрылып, аталган мыйзамга кол койбоону өтүнүшкөн. Мыйзам кабыл алынган соң Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк билдирүү таратып, Кыргызстанда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жоюлганын айыптаган.

Акыйкатчы институту эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрүнүн тынчсыздануусун жана билдирүүлөрүнө байланыштуу билдирүү таратып, мекеме өз ыйгарым укуктарынын алкагында кыйноолорду жана ырайымсыз мамилелерди алдын алуу боюнча активдүү иш алып барууну улантарын билдирген.

Мекеме тактагандай, Акыйкатчы 2024-жылы Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК), Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) жабык жайларына 258 жолу инспекция жана мониторинг жүргүзгөн. Жыйынтыгында кармалгандардан жана соттолгондордон 139 арыз түшсө, анын 36сы кыйноолорго байланыштуу болгон.

Кыргызстанда кыйноо фактыларын азайтуу үчүн жабык мекемелерди туруктуу текшерүүгө ала турган улуттук борбор 2012-жылы түзүлгөн. Аны түзүү Кыргызстан 2008-жылы БУУнун кыйноолорго каршы факультативдик протоколуна кошулганда алган милдеттердин бири болгон. Бул борбор соңку жылдары жабык жайлардагы даттанууларды туруктуу текшерип, бир нече мыйзам бузууларды аныктап келген. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG