Синоптиктердин шашылыш билдирүүсүнө караганда, 1-2-октябрларда Кыргызстандын аймагында аба ырайы туруксуз болуп, мезгил-мезгили менен жаан жайт. Дыйканчылык аймактарда жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт. 2-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 0…-3° чейин түшүп үшүк жүрүшү мүмкүн. Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
30-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачын жаашынын ыктымалы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 20…22° жылуу болот.
Шерине