Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:55

НАТО өз аймагын чечкиндүү коргой турганын эскертти


НАТОнун «Eastern Sentry ("Чыгыш күзөтү") миссиясына катышкан учак. Польша, 19-сентябрь 2025-жыл
НАТОнун «Eastern Sentry ("Чыгыш күзөтү") миссиясына катышкан учак. Польша, 19-сентябрь 2025-жыл

НАТО өлкөлөрү өз аймагын чечкиндүү коргоо үчүн эл аралык укуктун алкагында аскердик жана аскердик эмес чараларды колдонот. Мындай билдирүүнү альянс Эстониянын демилгеси менен өткөн консультациялардан кийин билдирди. Түндүк-атлантикалык блок орус согуш учактарынын Эстониянын аба мейкиндигин бузганын айыптап, Москвадан андай аракеттерди токтотууну талап кылды.

Орусия НАТОнун коллективдүү коопсуздук тууралуу 5-беренени аткарууга даярдыгынан күмөн санабашы керек деп айтылат билдирүүдө.

19-сентябрда МиГ-31 учактары Эстониянын аба мейкиндигинде, Балтика деңизинин үстүнөн 12 мүнөт учкандан кийин Таллинн альянстын кеңешмесин чогултууну өтүнгөн.

Ага чейин, эки жума мурун орусиялык дрондор Польшанын аба мейкиндигин бузгандан кийин да консультациялар өткөрүлгөн. Блок белгилегендей, акыркы мезгилде Финляндия, Латвия, Литва, Норвегия жана Румыния Орусия тараптан алардын аба мейкиндиги бузулганын билдирген.

НАТОнун баш катчысы Марк Рютте аба мейкиндиги бузулган учурда альянс орусиялык учактарды атып түшүрүүгө даярбы деген суроого жооп берип, андай чечим «коркунуч тууралуу маалыматка негизделип реалдуу режимде кабыл алынарын» айтты. Ал Эстонияда « коркунуч жаралбаганын» кошумчалады.

Москва айыптоолорду четке кагып, үч МиГ-31 учактары Орусиянын түндүк-батышынан Калининградды көздөй, Балтика деңизинин үстүнөн өткөнүн билдирген.

Буга чейин Эстониядагы окуя БУУнун Коопсуздук кеңешинде талкууланганда британ тышкы иштер министри Иветт Купер орус президенти Владимир Путиндин «акылсыз аракеттери НАТО менен Орусиянын тикелей тирешине алып келиши мүмкүн" деп эскерткен.


Шерине

XS
SM
MD
LG