Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт


Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, 24-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаап, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз жаан-жачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 24…26° жылуу болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG