Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:03

23-сентябрдын аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт


Синоптиктердин шашылыш билдирүүсүнө караганда, 23-сентябрда түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 23…38;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 18…20° жылуу болот.


Шерине

XS
SM
MD
LG