Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:31

Депутаттар мектептерге гимназия, лицей макамын кайтарууну сунуштоодо


Кеминдеги мектеп. Иллюстрациялык сүрөт.
Кеминдеги мектеп. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мектептерге лицей, гимназия макамын кайтарууну сунуштоодо. Буга байланыштуу мыйзамдын долбоору иштелип чыгып, парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин 22-сентябрдагы жыйынында талкууланды.

"Реформа жасаганда арттагы мектептерди алдыңкы мектептерге теңөө аракетин көрүш керек. Гимназия, лицей макамы алынгандан кийин көп мугалимдер менчик мектептерге кетип калышты. Мыйзам долбоорду алып чыккандан кийин министрлик кийинки жылдан кайра алып келебиз деп жатат. Мыйзамда болсо иштетет элек деп айтып жатышат", - деди мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев.

Агартуу министрлиги бул мыйзамга терс корутундусун берген. Аталган мекеменин маалыматына караганда, өзгөчө макамы бар мектептин мугалимдерине, кошумча класстарга 941 млн сом бөлүнүп келген.

Депутат Аида Исатбек кызы кошумча акча бөлүнгөн мектептерге анализ жасап, ошонун жыйынтыгында чечим кабыл алуу туура болорун кошумчалады.

Билим берүү жана илим министрлигинин (мекеменин мурдагы аталышы) демилгеси менен "Билим берүү тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизилип, Кыргызстандагы мамлекеттик мектептерден "лицей", "гимназия" жана "автордук" макамдары алынган.

Өзгөртүүлөр Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарынын ишин тартипке келтирүү жана бардык мектептердин окуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүк түзүү максатын көздөй турганы айтылган. Бул айрым мектептерден мугалимдердин жапырт кетүүсүнө алып келген. Ошол кезде билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкектеги айрым мектептерде мугалимдердин жумуштан кетип жатышын андагы "гимназия" макамынын алынышы менен байланыштырган.

Министрликтин маалыматына караганда, өлкөдө 133 гимназия, 38 лицей макамындагы мектеп болгон. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG