Быйылкы жылдын январь-июль айларында чет өлкөдөгү жеке адамдар Кыргызстанга 1 млрд 980 млн доллар акча которду. Мындай маалымат Улуттук банктын сайтында келтирилди.
Сегиз-тогуз айдын эсеби чыга элек. Которулган сумманын көпчүлүгү – 1 млрд 844 млн доллары Орусиядан келген. АКШдан 48 млн доллар, Казакстандан 13,5 млн доллар, Түркиядан 7 млн доллар, Түштүк Кореядан 1,2 млн доллар которулган. Калганы башка өлкөлөрдөн жөнөтүлгөн акча.
Быйылкы жети айдагы сумма былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көп. 2024-жылдын жети айында 1 млрд 671 млн доллар келген эле.
Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн акча которуу дүйнөдөгү геосаясий окуяларга жана экономикалык маселелерге байланыштуу бир төмөндөп, бир көбөйүп турат. Жеке адамдар Кыргызстанга 2020-жылы 2 млрд 377 млн доллар, 2021-жылы 2 млрд 756 млн доллар, 2022-жылы 3 млрд 86 млн доллар, 2023-жылы 2 млрд 706 млн доллар, 2024-жылы 2 млрд 989 млн доллар жөнөтүшкөн.
2025-жылдын январына карата расмий маалымат боюнча 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган. (ErN)
Шерине